Бишкекте спорттун экстремалдык түрлөрү боюнча мелдештер өттү

Спорт 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Бишкектеги Ынтымак сейил багында биринчи жолу балдар жана жаштар арасында экстремалдык спорт түрлөрү боюнча мелдештер өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага BMX, скейтбординг жана кикскутер менен машыккан 50гө жакын жаш спортчулар катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр сыйлыктар жана грамоталар менен сыйланышты.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен өтүп, анын максаты - балдар жана жаштар арасында сергек жашоо образын жайылтуу, жаш спортчулардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана өзүнө болгон ишенимди арттырууга колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, спорттун бул түрлөрү Кыргызстандагы балдар, өспүрүмдөр жана жаштар арасында күндөн-күнгө популярдуулукка ээ болууда.

Пикир

Оставить комментарий