Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Бишкекте студенттердин эл аралык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маданий иш-чара 16-29-апрель күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн театр адистигинде билим алып жаткан студенттери катышат.
Фестивалда 10 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат:
- Мыкты спектакль
- Эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
- Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
- Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
- Экинчи пландагы аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн
- Көркөм окуу
- Эң мыкты режиссура
- Эң мыкты драматургия
- Эң мыкты театр сыны
- Чыгармачыл жаштардын устаты.
Алдыңкы орунду ээлегендер акчалай сыйлык жана атайын дипломдор менен сыйланат.
Фестиваль жыл сайын чыгармачыл жаш театр искусствосуна тиешеси бар студенттердин – театр артисттеринин, режиссерлордун, драматургдардын, сынчылардын, сценографтардын жана көркөм окуу чеберлеринин катышуусунда жаш таланттардын сахна өнөрүндө профессионалдык жактан калыптануусуна стимул берүү жана чет элдик тектеш профилдеги окуу жайлар менен чыгармачылык тажырыйба алмашуу максатында өткөрүлүп келет.
Маалымат үчүн: Фестиваль Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан театр ишмерлер союзу тарабынан 2016-жылдан бери уюштурулуп келет. 2021-жылдан тартып "Эл аралык" макамын алган.
Пикир
Оставить комментарий