• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Бишкекте студенттерге радикализм жана экстремизм коркунучтары тууралуу маалымат берилди

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда Бишкек шаарындагы Кыргызстан Ислам университетинде маалыматтык-алдын алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, анда студенттерге диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берилип, социалдык тармактагы радикализм жана экстремизмдин коркунучтуу чакырыктарынан оолак болуу керектиги айтылды.

Ошондой эле экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды таратууда мыйзам алдында жоопкерчилик бар экендиги белгиленди.

Мындан сырткары, экстремисттик аракеттерге жаштардын аралашып калбоосу жана тастыкталган маалыматтарды пропагандалык материалдардан айырмалоо зарылдыгы боюнча студенттерге баяндамалар жасалып, суроо-жооптор берилип, ой-пикирлер ортого салынды.

Пикир

Оставить комментарий