Бишкекте сурдо таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Кыргызстан 11 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 01.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында сурдо таэквондо боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке 14 өлкөдөн келген (Гонконг, Греция, Казакстан, Кытай, Корея, Латвия, Мексика, Өзбекстан, Кытай Тайбейи, Таиланд, Украина, Габон, Хорватия жана Кыргызстан) 120 спортчу катышты.

Кыргызстандын улуттук курама командасы жалпы 11 медаль (1 алтын, 3 күмүш, 7 коло) жеңди.

Эркектер арасында 74 кг чейинки салмакта Азамат Мавлянов күмүш медалга ээ болду. Дильфат Именов (54 кг), Баястан Жеңишов (63 кг) жана Атай Азизбек уулу (80 кг) 3-орунду ээлешти.

Ал эми кыз-келиндер арасында Шахида Амирова 53 кг чейинки салмакта алтын, Асылхан Турдукулова (46 кг) жана Күнсулуу Олжобай кызы (53 кг) чейинки салмак ченинде күмүш медалга ээ болушту. Айганыш Саржанова (46 кг), Гүлжан Жаналиева (49 кг), Бермет Марсбекова (57 кг) жана Сабина Карыбекова (62 кг) коло медалга татышты.

Жалпы командалык эсеп кыз-келиндер арасында улуттук курама команда 3-орунду ээледи. 1-орунду Түштүк Корея, 2-орунду Хорватия өлкөсү ээледи.

Эркектер арасында 1-орунду Түштүк Корея, 2-орунду Өзбекстан жана 3-орунду Казакстан командалары багындыра алышты.

Пикир

Оставить комментарий