• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин саммити өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө.

“Ынтымак Ордосунун” кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

Пикир

Оставить комментарий