• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкекте Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму өз ишин баштады

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 09.10.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Бишкекте Түрк мамлекеттеринин жасалма интеллект боюнча форуму өз ишин баштады.

Жасалма интеллект боюнча форум стартаптар үчүн өз долбоорлорун потенциалдуу инвесторлорго тааныштырууга, алар менен байланыш түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк түзөт.

Эки күнгө созулган инновациялык форум мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, жасалма интеллект жаатындагы алдыңкы эксперттерди, бизнес, академиялык чөйрөлөрдүн жана түрк өлкөлөрүнүн, Борбор Азия регионунун жана дүйнөнүн Маалыматтык технология коомчулугунун өкүлдөрүн бириктирүүдө.

Форум жасалма интеллект чөйрөсүндөгү акыркы жетишкендиктерди талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана мамлекеттик башкарууга, бизнеске, социалдык демилгелерге жасалма интеллект - технологияларын өнүктүрүүнү жана жайылтууну тездетүүгө багытталган кызматташтык Стратегиясын иштеп чыгуу үчүн уникалдуу платформа болуп калат.

Форумга Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттер - Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана алдыңкы эксперттери катышууда.

Жасалма интелект (ЖИ) боюнча Түрк мамлекеттеринин форумунун максаттары:
- ЖИ өнүктүрүү стратегияларын талкуулоо;
- катышуучу өлкөлөрдө ЖИ пайдалануу менен инновацияларга жана технологиялык прогресске дем берүү;
- ЖИ - технологиялар аркылуу түрк тилдерин сактоо жана өнүктүрүү;
- ЖИ иштеп чыгуу жана пайдалануу чөйрөсүндө түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтыкты чыңдоо;
- ЖИ - долбоорлорго жана стартаптарга инвестицияларды тартуу;
- ЖИ иштеп чыгуу жана ишке киргизүү жаатында түрк тилдүү өлкөлөрдө тажрыйба жана мыкты тажрыйбалар менен алмашуу;
- ЖИ колдонууга байланыштуу этикалык жана укуктук маселелерди чечүү жолдорун издөө.

Жасалма интеллект боюнча Түрк мамлекеттеринин форуму технологиялык прогресске, экономикалык өсүшкө жана жасалма интеллект жаатында түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзгөн негизги иш-чара болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий