• 87
  • 90.64
  • 0.85

Бишкекте төрт акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду

Экономика 0

Бишкек, 23.12.24. /Кабар/. Бишкекте төрт акча алмаштыруучу жайдын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн төмөнкү алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду:

- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 29-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 59-үй, 83-квартира дареги боюнча жайгашкан «Алим-Амир» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 26-июлундагы № 6887 лицензиясы;

- 2024-жылдын 20-декабрынан тартып 22-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 146, 3-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «Куш финанс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 12-июлундагы № 6870 лицензиясы;

- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 27-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 152-үй дареги боюнча жайгашкан «Danaroso» (Данаросо) алмашуу бюросу КЖКнын 2024-жылдын 31-июлундагы № 6896 лицензиясы;

- 2024-жылдын 21-декабрынан тартып 25-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгына Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү, 129, 6-бөлмө дареги боюнча жайгашкан «ФинТренд» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2024-жылдын 17-июлундагы № 6876 лицензиясы.

Пикир

Оставить комментарий