Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Бишкекте Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин кубогу үчүн таэквондо боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу спорттук иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Мелдеш 30-октябрда “Газпром” комплексинде болот.
Спорттук иш-чара Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, анын урматына Куккивондон мыкты команда келип, турнирдин ачылышында өздөрүнүн программасын көрсөтөт.
Пикир
Оставить комментарий