Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкек шаарында 19-ноябрда Кореянын Кыргызстандагы элчисинин кубогуна арналган таэквондо WT боюнча ачык турнир өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган мелдеште Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Алсак, спорт мектебинин тарбиялануучулары 4 алтын, 3 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту:
- Сахиба Софиева – 1-орун;
- Хафиза Садырова – 1-орун;
- Даяна Кудайбергенова – 1-орун;
- Алихан Садыков – 1-орун;
- Владимир Ли – 2-орун;
- Ислам Камчыбеков – 2-орун;
- Андрей Бондаренко – 2-орун;
- Назар Дженишбеков – 3-орун;
- Элина Насырова – 3-орун;
- Бегимай Есеноманова – 3-орун;
- Аяна Сагынбекова – 3-орун.
Белгилей кетсек, спортчулардын машыктыруучулары Азим Тажибаев, Дмитрий Пономарев жана Максат Акматов.
Пикир
Оставить комментарий