• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте тамактануучу жайдан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Бишкектин Ч.Айтматов көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө 2 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 02:28де чектөөгө алынып, толугу менен саат 02:53дө өчүрүлдү.

Кырсыктын кесепетинен тамактануучу жайдын 20 чарчы метр чатырынын айнектелген кебез жылуулаткычы, пластик шыбы күйгөн.

Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Такталган маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий