• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкектеги таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып салынат

Коом 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Таштанды контейнерлеринин жанына унаа токтоткондорго айып пул салынат, деп билдирет Бишкек мэриясынын маалымат кызматы.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, "Тазалык" ишканасы таштанды контейнерлеринин жанында токтоп турган унаалардын айынан таштанды чыгарууда тоскоолдуктар болуп жатканын билдирген.

Ишкананын кызматкерлери белгиленген график боюнча катуу тиричилик таштандыларын чыгарышат. Ал эми аткарылышы керек болгон иштер токтоп турган унаалардын айынан бир канча убакытка кечигүүдө.

Эскерте кетсек, тыюу салынган жерге токтотулган жана таштанды ташуучу унаанын урналарга өтүшүнө тоскоол болгон унааларга ЖКККББ кызматкерлери тарабынан айып салынып, айып пул салынуучу жайга жөнөтүлөт.

Мэрия калаа тургундары жана конокторунан унааны таштанды контейнерлеринин жанына токтотпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий