• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бишкекте таштанды контейнерлеринин жанына унаасын токтоткон айдоочуга айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында айдоочу таштанды контейнерлеринин жанына унаасын токтотуп, көрктөндүрүү эрежелерин бузганы үчүн айыпка тартылды.

Мэриядан маалымдашкандай, Муниципалдык инспекция Безымянная көчөсүндө унаасын токтоткон айдоочуга протокол түзүп, 3 миң сом айып салды.

"Муниципалдык инспекция мыйзам бузууларга каршы күрөшүн улантат, анткени унааны туура эмес токтотуу “Тазалык” ишканасынын атайын техникансынын ишин татаалдаштырып, жолдордо кооптуу абал жаратат", - деп белгилешти мэриядан.

Мыйзам бузгандар КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык толук жоопкерчиликке тартылат.

Пикир

Оставить комментарий