• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкана качан курулары айтылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 15-декабрдагы жыйынында Бишкек шаарынын мэри ‎Эмилбек Абдыкадыров борбор калаага таштандыны кайра иштетүүчү ишкана качан куруларын айтты.

Анын айтымында, аталган ишкананы куруу боюнча эки чет элдик компания менен болгон сүйлөшүүлөр аяктады.

“2023-жылдын биринчи кварталында заводду куруу үчүн Чехия жана АКШнын компанияларынын бирөөсүн тандайбыз. АКШнын компаниясы таштандыны 95 пайызга кайра иштетсе, Чехияныкы 70 пайызга кайра иштетип чыгат экен. Каржылоо булактары дагы чечилген. Сиздердин (ред.: депутат) алдыңыздарга келишимди алып келебиз, анан эки компаниянын бирөөсүн тандап бересиздер. Буюрса, 2023-жылдын биринчи кварталында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курула баштайт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий