Бишкекте тазалык эрежелерин сактабаган жактарга айып салынды

Коом 0

Бишкек, 05.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан тазалык эрежелерин бузган жактарды аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейд учурунда 9 мыйзам бузуу аныкталып, 103 миң 500 сом айып салынган.

Белгиленгендей, Ахунбаев көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгүндө таштанды таштоочу үч пункт бар. Контейнердик аянтчалардын демонтаждалганына байланыштуу шаардыктар таштандыларды белгиленбеген жерлерге чыгарууда.

Аталган көчөдө 4 эреже бузуу аныкталган. Турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн эки жеке адамга жана жеке ишкер Б. А. Мга айып пул салынды. Тигүү калдыктарын таштагандыгы үчүн Д.Ч. Т аттуу жаранга айып протоколу жазылды.

Аталган аймактагы белгиленбеген жерге таштанды ыргыткан жарандарга салынган айып пулдун жалпы суммасы 51 миң сомду түздү.

Арча-Бешик конушундагы белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткан эки жаран аныкталды. Аларга 5 миң 500 сомдон 11 миң сомго айып салынган. Ошондой эле такталбаган жерге таштанды таштаганы үчүн Ас-Казан ЖЧКсына 17 миң сом айып пул салынды.

Рейддин жүрүшүндө кургак жана катуу тиричилик калдыктарын өрттөгөн бир учур аныкталган. Эреже бузган жаранга 17 миң 500 сом айып салынды.

Пикир

Оставить комментарий