Бишкекте театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалы расмий ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.06.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/. Бүгүн Бишкекте театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалы расмий ачылды.

Салтанаттуу кеченин ачылышына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Евгений Вахтангов атындагы Мамлекеттик академиялык театрдын директору Кирилл Крок катышып, сөз сүйлөштү.

Алтынбек Максутов өз сөзүндө, театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалы Кыргызстанда өтүп жатышы өлкөнүн маданияты үчүн маанилүү экендигин билдирди.

Министр белгилегендей, Вахтанг фестивалы тажрыйба алмашуу, театр искусствосу жаатындагы жаңы тенденциялар, перспективалар, келечектеги долбоорлорго жана демилгелерге шык берүүчү аянтча.

Ал фестиваль бардык катышуучулар үчүн жемиштүү тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, достуктун иш-чарасына айланат деп ишенерин кошумчалады.

"Биз күнөстүү, меймандос Бишкекте болгонубузга кубанычтабыз. Кыргызстан менен Россиянын маданият тармагында, тактап айтканда, театр тармагында узак жана бекем достук байланыштары бар. Бул фестиваль Кыргызстанда өтүп жаткандыгы биз дагы абдан кубандырат. Чакырууңуздарга ыраазчылык билдирем”, - деди Евгений Вахтангов атындагы Мамлекеттик академиялык театрдын директору Кирил Крок.

Белгилей кетсек, 4 күнгө созулчу аталган фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Россия, Беларусь мамлекеттеринин театр чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий