• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте эки көшөгөлүү "Театрдагы тартип жана тартипсиздик" опера-фарсы көрсөтүлдү

Маданият 0

Бишкек, 28.09.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Гаэтано Доницеттин "Театрдагы тартип жана тартипсиздик" же “Viva. La mamma!” эки көшөгөлүү опера-фарсынын премьерасы өттү.

Доницеттинин эң ийгиликтүү чыгармаларынын бири болгон бул фарс операсы белгилүү операны коюуга даярданып жаткан провинциялык италиялык театрдын көшөгө артындагы жашоосун баяндайт. "Театрдагы тартип жана тартипсиздик" операсында көрүүчүлөр труппаны премьерага даярдоо процессин, комедиялык ситуацияларга жык толгондугун көрүшөт.

Пьесадагы көрүнүш бүгүнкү күндөргө жакындап, көрүүчүлөрдүн көз алдына 21-кылымдын катаал күндөрдү кечирип жаткан опера театры көрсөтүлдү.

Бир нече жолу Европа сахналарында дайыма ийгилик менен коюлган спектакль бул жолу кыргыз коомчулугуна тартууланды.

Спектаклди россиялык жаш артисттери Александра Аптовцева жана Сейтек Мухтаров аткарышкан. Дирижёру жана режиссеру КР Эл артисти Нурматбек Полотов, коюучусу россиялык Михаил Марченко, хормейстери КР Эл артисти Карагул Тиленчиев, балетмейстери КР Эл артисти Айзада Тумакова болду.

Белгилей кетсек, спектакль 5-6-октябрь күндөрү да көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий