• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык бөлүмчөсү ачылды

Ден соолук 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бүгүн Лебединовка айылында күнү-түнү иштей турган Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси ачылды. Анда 5 мобилдүү тез жардам бригадасы, анын ичинде 3 реанимациялык жана 2 фельдшердик бригада жайгашат.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлери катышты.

Тез жардам борборунун №6 жаңы линиялык чыкма бекетчеси Бишкек шаарына кошулган Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнө караштуу конуштарды тейлемекчи.

Бекетченин имараты косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү эмеректер жана жабдуулар сатылып алынды.

“Тез жардам борборунун жаңы линиялык чыкма бекетчесинин ачылышы Бишкек шаарында жана анын айланасындагы аймактарда медициналык тез жардам көрсөтүү системасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат. Мындан ары да инфраструктураны жакшыртуу жана биздин медицина кызматкерлерине эң жогорку деңгээлде жардам көрсөтүүгө шарттарды түзүү боюнча иштерди улантабыз”, – деди Бейшеналиев.

Чүй облустук кургак учукка каршы ооруканасынын мурдагы административдик имаратына буга чейин Көлбаев көчөсү, 49 дарегиндеги №5 Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратындагы №3 линиялык көмөк чордонду да жайгаштырууга мүмкүндүк берди. Бул көмөкчордон Аламүдүн, Энергетиктер шаарчасы, Куруучулар шаарчасы, Тунгуч жана башка кичи райондордун тургундарын тейлейт.

Саламаттык сактоо министрлигинен белгилешкендей, алдыда Чүй облустук ооруканасын шаардын чыгыш бөлүгүндөгү калкты тейлей турган Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына профилдештирүүнү пландаштырууда. Бул күнү-түнү ыкчам адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулууларды жана жаракат алгандарды ооруканага жаткыруу убактысын бир топ кыскартат.

Мындан тышкары, министрлик шаардын түштүк-батыш жана түндүк-батыш аймактарын тейлей турган эки линиялык чыкма бекетчени этап-этабы менен ачууну мерчемдеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий