Бишкекте тирөөч мамылары жарнамалардан тазаланууда

Коом 0

Бишкек, 13.05.24. /Кабар/. Бишкек шаарында тирөөч мамылары жарнамалардан тазаланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иштер төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлүүдө:

- Жибек-Жолу проспектиси боюнча Батыш автобекеттен Манас проспектисине чейин;
- Манас проспектиси боюнча Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Бишкек мэриясы шаарды көрктөндүрүү эрежелерин сактоону жана жарнама буклеттерин жана кулактандырууларды таяныч мамыларга жайгаштырбоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий