• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте тиш догдурда чарчап калган кичинекей кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.23. /Кабар/. Бишкекте жеке тиш догдурда чарчап калган 3 жаштагы кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу агенттикке шаардын Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Учурда териштирүү иштери уланууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр суралды. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий