• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте өткөн "Алтын күз" айыл чарба жарманкесине 30 миңдей адам катышты

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган "Алтын күз" жарманкесине 30 миңдей адам катышты.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда шаар тургундары өздөрүнө керектелүүчү бардык органикалык азыктарды сатып алуусуна шарт түзүлдү.

Ошондой эле жалпысынан 200гө жакын айыл чарба продукцияларын өндүргөн ири ишканалар, дыйкандар, ассоциациялар, кластердик бирикмелер, дыйкан чарбалар жана кол өнөрчүлөр катышты.

Ошондой эле “Тойбос”, “Аталык”, “Аква Пром”, “Белая Река” , “Алайкуу органикс”, “Абдыш-Ата” сыяктуу ири компаниялар азыктарын жарманкеге алып чыкты.

Иш-чарадагы социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын тизмеси:

  • эт азыктары (кой, уй, жылкы, топоздун эти) – 500-600 сомдон;
  • картөшкө – 16-17 сомдон;
  • пияз – 18-20 сомдон;
  • жумуртка – 9,5 -10 сомдон;
  • күрүч – 220-230 сомдон;
  • алма – 30-40 сомдон;
  • сабиз – 30 сомдон;
  • кумшекер – 73-74 сомдон;
  • 50 кг ун – 1500 сомдон сатылды.

Андан тышкары, бардык катышуучуларга дем берүү максатында ыраазычылык кат берилди.

Пикир

Оставить комментарий