Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 6-ноябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Түрк мамлекеттер уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин журналисттерге билдиргенине караганда, кеңеште ТМУнун бүгүнкү 11-саммитинин күн тартиби бекитилет.
"ТМУ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрликтери менен биргеликте саммитте сунуштала турган документтерди иретке келтиребиз. Биринчи кезекте бүгүн төрагалыкты Казакстандан кабыл алабыз. Уюмдун бир жылдык иш планы талкууланат. Кеңеште негизги документ болуп Бирдиктүү декларация саналат, ал биздин мамилелерди, келечектеги перспективаларды камтыйт, ошондой эле Жашыл экономика Концепциясы дагы маанилүү документ болуп саналат. Эгер макул болсок, кабыл алынат. Мындан тышкары, иш тартиби жана уюштуруу бөлүгү аныкталат", - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий