• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте тосмолорду алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май районунда мыйзамсыз тосмолор жана курулуштарды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, акимчиликтин кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, №12 жана 13 МАБдын кызматкерлери менен биргеликте мыйзамсыз тосмолорду алууда.

«Кыргызалтын» ААКнын, «Сейтек» Балдардын жана жаштардын улуттук борборунун, Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун, Жибек-Жол-Манас кесилишиндеги Ж.Баласагын атындагы КУУнун, «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын, Арабаев атындагы университеттин, Ю.Абдрахманов көчөсү №166, Ю.Абдрахманов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги темир тосмолор демонтаждалды", - деп айтылат билдирүүдө.

Бул багыттагы иштер улантылат.

Белгилей кетсек, буга чейин тосмолорду демонтаждоо боюнча билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий