• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бишкекте трансулуттук кылмыштуу баңги тобу жок кылынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бишкекте атайын операция өткөзүлүп трансулуттук кылмыштуу баңги тобу жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Финансы министрлигине караштуу "Манас" МБКнын бажы кызматкерлери менен биргеликте узак убакыттан бери трансулуттук уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мыйзамсыз ишмердигине байкоо жүргүзүп, анын туруктуу каналын түзгөн ар кайсы өлкөлөрдөн өсүмдүк тектүү баңгизаттарды Кыргызстан, андан ары Казакстан жана Россияга сатуу максатында жеткирүү менен алектенген адамдар кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыштуу баңги топтун мүчөлөрү Таиланддан азык-түлүккө жашырылган баңгизатынын өзгөчө ири партиясын - гибриддик марихуананын (тайланд бүчүрлөрү) келишин күтүп жаткандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө баңги топтун активдүү мүчөлөрү чет мамлекеттин жараны 1978-жылы туулган С.Н., ошондой эле Кыргызстандын жарандары 1986-жылы туулган С.А. жана 1978-жылы туулган С.К., мындан тышкары, баңги каналынын уюштуруучусу 1994-жылы туулган Казакстандын жараны Б.Т. кармалышкан.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган баңгизаттын көмүскө баасы 10 млн сомго бааланууда. Ошентип, атайын операциянын натыйжасында трансулуттук кылмыштуу баңги тобу жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий