• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте троллейбустардын саны азайтылат – Жунушалиев

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бишкекте троллейбустардын санын азайтып, бир эле чоң айлампа троллейбус линияларын калтыруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө троллейбустук линиялардын жалпы узундугу 210 чакырымды түзүп, анын 70 пайызынын эксплуатациялоо мөөнөтүнөн өтүп кетти.

"Бул линиянарды алмаштырганга көп каражат кетет, троллейбустун бир метр чубалгысынын баасы 8 доллар турат. Ошондуктан троллейбустардын санын азайтып, шаарда чоң айлампа троллейбустун линияларын калтырабыз (Айтматов, Ахунбаева, Курманжан датка, Жибек-Жолу). Калган жолдордон бардык линияларды жана опороларды демонтаж кылып, жол жээгиндеги электр жана интернет чубалгыларын жер алды менен койо беребиз. Жыйынтыгында көчөлөрдө самсаалап илинген чубалгылар алынат”, - деди калаа башчысы.

Мэр белгилегендей, экологиялык чөйрөнү сактоо максатында келечекте электроавтобустар маршруттарга киргизилет.

"2023-жылы Жогорку Кенеш колдоп берген Азия өнүктүрүү банкы менен келишимдин негизинде 120 электроавтобусту алуу процесси аяктап, электрокубатточу инфраструктураны даярдоо боюнча иш алып барылууда", - деди Жунушалиев.

“Азыркы учурда жалпысынан 152 троллейбус бар. Ош шаарына 100 троллейбус берүүнү пландаштырып жатабыз. Бул кадам менен экинчи борбор шаарыбызга коомдук транспортунун өнүгүсүүнө жардам беребиз”, - деп кошумчалады калаа башчысы.

Пикир

Оставить комментарий