• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Бишкекте Тышкы иштер министрлигинин желектерин түшүрүү аземи болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 14.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бишкекте бүгүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ведомствонун жаңы дарекке көчүшүнө байланыштуу расмий желек түшүрүү аземи болуп өттү.

Саамалыкка Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, министрдин орун басарлары жана министрликтин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Министр Ж.Кулубаев Министрлик мурдагы даректеги ишин аяктап, ведомствонун тарыхындагы жаңы барагын ачып жатканын белгилеп, кызматкерлерди жаңы имаратта эл аралык кызматташтыкты жана өлкөнүн дипломатиялык ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүү максатында чын ыклас жана жаңы дем менен иштөөгө чакырды.

Министрликтин желектери КР ТИМдин жаңы – Абдумомунов көчөсү, 207 дареги боюнча көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий