• 87
  • 90.55
  • 0.84

Бишкекте убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Алсак, Октябрь районунда А.Токомбаев көчөсү, 1а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 80 адамга ылайыкталган. Учурда баш калкалоочу жайда оңдоо иштери жүргүзүлүп, төшөнчү жана дары-дармектер сатып алынып, бир жолку ысык тамак берүү менен камсыздалган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 тонна көмүр алынды.

Свердлов районунун аймагында Фере көчөсү, 34а дарегинде жайгашкан баш калкалоочу жай 40 адамга ылайыкталган. Учурда имаратка оңдоо жүргүзүлүп, дары-дармектер, төшөнчү жабдыктар алынып, бир жолку ысык тамак иенен камсыздалды. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 тонна көмүр сатылып алынган.

Биринчи май районунун аймагында Жибек Жолу проспекти, 413 дарегинде жайгашкан "Коломто" муниципалдык мекемеси туруктуу негизде иштеп жатат, ал 70 адамга ылайыкталган. Бул жерде күн сайын 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдарга бир жолку тамак-аш берилет жана түнөп кетүүгө болот. Мекеме жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Белгилей кетсек, бул баш калкалоочу жайларга үй-жайсыз адамдар өздөрү кайрыла алышат, ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана тез жардам бригадасы алып келишет. Эгерде жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көрсөңүз, 102 (милиция) же 103 (тез жардам) номерлерине чалуу керек.

Пикир

Оставить комментарий