• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкек шаарынын аймагында "Яша" аттуу адам баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөнү жөнүндө белгилүү болгон.

Маалыматты текшерүүдө "Яша" аттуу адам буга чейин бир нече жолу соттолгон, 1984-жылы туулган К.Я. аттуу жаран экендиги жана ИИМдин ыкчам каттоосунда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турганы такталган. Маалыматтар боюнча, ал жаза аткаруу жайларында баңгизатын киризүү менен алек болуп, атайын криминалдык макамга ээ болгону жана учурда баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенгени .

Факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 1984-жылы туулган К.Я. аттуу жаран Биринчи май районунун аймагында кармалган. Ал жарандын жанынан кара куурай чайыры - "гашиш" баңгизаты табылган.

Шектүү ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий