• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Бишкекте УКТнын активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине "Баха" аттуу жаран киши ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси ("Ок атуучу куралды сактоо") менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган Э.Б. аттуу ждаран кармалган. Ал Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат (Талас облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү).

Өздүк тинтүү учурнда Э.Б.нын жанынан номери өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылып, алынган.

КР Жаза-процессуаалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Э.Б. аттуу жаран кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий