Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бишкекте Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.
Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, окумуштуулар, илимпоздор, агартуучулар жана чет жерден келген коноктор катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасынын жана депутаттарынын атынан куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Жамиля Исаева академиянын тарыхына учкай токтолду.
“Мындан туура 70 жыл мурун СССРдин Илимдер академиясынын филиалы Кыргызстанда ачылып, улуттук илимий устакананын алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Константин Скрябин, Иса Ахунбаев, Курман-Гали Каракеев, Муса Адышев сындуу окумуштуулар Улуттук илимдер академиясынын кышын кынап, кыска убакыт аралыгында эле ийгиликтүү иш алып барган ири мекемеге айлантышкан”, – деди төраганын орун басары.
Муну менен катар илим ийне менен кудук казгандай, талыкпаган эмгекти жана татыктуу колдоону талап кылган татаал иш экенин белгилеген Жамиля Исаева: “Күнү-түнү изденип, тажабай изилдеп, акыл менен тажрыйбаны айкалыштырып аракеттенген адам гана илимдин өтөөсүнө чыгып, өз максатына жете алат. Анткени менен илимдин түбү жок. Ал улам жаңырып, улам жаңыланып, дагы тереңдеп, дагы кеңейип кете берет. Муну илим жолунда жүргөн ар бир окумуштуу анык билет” – деп кошумчалады.
Ошондой эле азыркы ааламдашкан доордогу жаңылануулар тууралуу да сөз кылган Исаева: “Уучубуз куру эмес. Вакцинаны муздатпастан сактоо боюнча уникалдуу ыкманы ойлоп тапкан, дүйнөгө белгилүү кыргыз кызы Асел Сартбаева сындуу окумуштууларыбыз элибиздин аброюн арттырып, жаш илимпоздорго жакшы үлгү болууда. Буйруса кыргыз окумуштууларынын ордосу сөзсүз жаратман жаштар менен толукталып, ири изилдөөлөрдүн аянтчасы катары кызмат кылат деген үмүттөмүн”, – деди.
Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш “Илим жөнүндөгү” конституциялык макамга ээ мыйзам долбоорун кабыл алганын эске салган Жамиля Исаева: “Аталган мыйзам өлкөнү туруктуу өнүктүрүү үчүн илимий-техникалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана илим изилдөө уюмдарын өнүктүрүүгө багытталган. Айрыкча ата мекендик илимпоздордун табылгаларын өндүрүштө пайдалануу “Илим жөнүндөгү” мыйзамдын негизги максаты. Андыктан аталган тармакта жигердүү иш алып барып, илимдин кадыр-баркын арттыруу менен илимий кадрларды күчтөндүрүшүбүз керек” – деп сөзүн жыйынтыктады.
Пикир
Оставить комментарий