• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Бишкекте Улуттук китепкананын 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө

Маданият 0

Бишкек, 28.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азиядагы эң чоң китепканалардын бири болгон Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын 90 жылдыгы белгиленүүдө.

Салтанаттуу мааракеге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Винера Раимбачаева, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, китепкананын кызматкерлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери, маданият ишмерлери, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышууда.

Мааракелик иш-чаранын алкагында "Улуттун жүзү Улуттук китепканага - 90 жыл" жана "Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүү этаптары" китеп жана иллюстрациялуу көргөзмөлөрү өтүүдө.

Бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепкананын өлкөдөгү илим-билимдин, маданияттын жана коомдук турмуштун өнүгүүсүнө кошкон салымы эбегейсиз. Жаңы технологиялар өнүккөн азыркы заманда да бул мекеменин эшигин аттагандардын саны үзүлбөйт.

Тарыхка көз чаптырсак

Китепкана 1934-жылы Кыргыз АССРинин чечими менен ачылып, 1938-жылы республикалык китепкана болуп кайра түзүлгөн. Биринчи директору — Нина Самсонова.

1939-жылы китепкана мамлекеттик статуска ээ болуп, жазуучу, философ Николай Чернышевскийдин атын алып, кызматкерлеринин саны 47ге жеткен.

Улуттук китепкана гүлдөгөн мезгил 1960-жылдарга туш келет. Ал убакта жетекчиликке Урияпса Сагынбаева келген. 1962-жылы 800 орунга ылайык 16 окуу залы бар жаңы имаратка көчүрүлөт.

1980-жылдары китепкананын фонду 2 жарым миллионго жетип, жыл сайын эки миллиондон ашык киши келе баштайт. Өлкө көз карандысыздыгын алгандан кийин, 1993-жылы аты Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы болуп өзгөртүлгөн.

Улуттук китепканын учурдагы жетекчиси журналист Айнура Аскарова кызматына 2024-жылы келген. Азыркы аталышы 2015-жылы акын Алыкул Осмоновдун 100 жылдык юбилейине байланыштуу берилген.

Бүгүнкү күндө китепкананын фондусунда 90 тилдеги 6 млн басылма бар. Жыл сайын 30 миңдин тегерегиндеги ар түрдүү жазуу эмгектери алынат.

Китепканада жалпысынан 24 бөлүм бар. Улуттук басылмалар сакталуучу Архивдик фонд, атамекендик жана чет өлкөлүк композиторлордун 80 миңден ашык чыгармалары сакталган нота басылмалар фондусу, акыркы жүз жылдагы ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү бар .

Китепкана өзүнүн тарыхында 22 млн окурманды тейлеп, 125 млн басылма менен камсыз кылган. Азыр жылына эки миллионго жакын окурман келет.

Пикир

Оставить комментарий