• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Бишкекте Улуттук климаттык форум-диалог өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 10.10.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте "КС-29га жол: климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу" аталышындагы улуттук климаттык форум-диалогу башталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү катышууда.

Форумдун алкагында Кыргызстандын климаттын өзгөрүшү жаатындагы саясаты, адаптациялоо чаралары жана жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттык долбоорлорду эл аралык каржылоого жетүү жана секторлор ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгү боюнча маселелер талкууланат.

Форум Кыргызстандын Бакуда өтө турган БУУ РКИК (КС-29) тараптарынын конференциясына катышуусу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгуусуна мүмкүндүк берери белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий