• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте “Улуттук нарк: Аксакалдардын коомдогу орду" аталыштагы кереге кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 22.02.23./Кабар/. Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин демилгеси менен "Улуттук нарк: Аксакалдардын коомдогу орду" аталыштагы кереге кеңеш өттү.

Иш-чара 21-февралда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы китепканада өтүп, ага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.

Маилекеттик катчы жыйындын башталышында президент Садыр Жапаровдун Аксакалдык институттун маани-мазмуну жөнүндөгү сөзүн окуп берди.

Талкуунун жүрүшүндө омоктуу ой-пикирлер айтылып, жыйынтыгында аксакалдар атайын кайрылуу жасашты.

Төмөндө Аксакалдардын эл-журтка кайрылуусун жарыялайбыз:

Урматтуу мекендештер!
Кадырлуу калайык калк!

Элибиздин байыртан келе жаткан байсалдуу көчүн түздөп, коомдук өнүгүүнү туура жолго салууда өзгөчө мааниси бар КР Президенти кол койгон “Инсандын руханий адеп –ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жана ошондой эле “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарды турмушка ашырууда Аксакалдардын коомдогу орду эбегейсиз чоң.

Кыргыз элинин тарыхый салтына, Баш мыйзамдын талабына ылайык чыгарылган КР Президентинин Жарлыгынын негизинде 2022-жылдын 25-26-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн Биринчи Элдик Курултайдын Резолюциясында айтылган:- “Байыртадан келе жаткан эл башкаруу, коом түзүү тажрыйбабызга таянып, үй бүлө, аксакалдык, элдик курултай институттарын заманбап калыбына келтирүү аркылуу нарктуулукту сактоо”-жөнүндөгү омоктуу ойду турмушка ашыруу – баарыбыздын ыйык парзыбыз.

Андыктан, “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун кабыл алууну тездетүү менен ал мыйзамда Аксакалдардын коомдогу ордун так аныктаган беренелердин киришин, Элдик Курултайдын Конституциялык ыйгарым укуктарын толук аткарылышын, “Манас” эпосун кеңири жайылтуу чараларынын көрүлүшүн, диний агымдардын ыраатка салынышын, кыргызча жыл санактын такталышын, Москва шаарында кыргыздардын маданий борборунун ишке киришин жана Манастөр руханий адам өнүгүү борборун түптөө, Арсланбаптагы аталар бейитин корукка алып, эстелик-мемориалдык комплексин орнотуу маселелерин колдоого алабыз. Салттуу жолго түшүү менен мамлекеттүүлүктү бекемдейбиз. Улуттук идеологиябыздын өзөгүн түзө турган кыргыз тарыхын илимий негизде тактап жазып чыгуу милдети да алдыбызда турат.

Кыргызстандын мурдагы Президенттеринин жолугушуусуна байланышкан маселелерди чечүүнүн юридикалык жана саясий-руханий жолу боло тураган болсо, Президент экинчи улуттук айкөлдүк жолду тандады. Мамлекеттик туруктуулукту жана элдин ынтымагын сактоодо бул кадам жагымдуу кырдаалды түзөт деп ишенебиз.
Урматтуу мекендештер!

Биз, эгемендүүлүк жылдары ар кимди ээрчип, ачык либерализмдин алаңгазар жолдорун башыбыздан өткөрдүк, жаңылдык-жаздык, нагыз демократиянын уңгусу улуттук баалуулуктарыбызда, нарктарыбызда, элдик каада-салттарыбызда камтылганын элес албадык. Чукул бурулуш жасоого, өнүгүүнүн жаңы жолун тандоого, улуттук нарктуулукту бекем тутууга мезгил жетти.

Биздин алдыбызда төрт тарабы төп келген кубаттуу мамлекетти түптөө үчүн ар кайсы себептер менен алыстай түшкөн, кылымдардын кыйырынан келе жаткан улуттук өзгөчө жолубузду, дүйнө кабылдообузду заманбап калыбына келтирүү милдети турат. Улуттук нарктын пайдубалын түптөгөн өзөк-тамырга кайтуу менен гана туруктуу өсүп-өнүгүү жолуна чыгабыз.
Элдик биримдикти жана мамлекеттик бакубаттуулукту камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруубуз зарыл:
- коомдук өнүгүүнүн багытын илимий негизде улуттук иденттүүлүктүн талаптарына ылайык жүргүзүүнү;
-турмуштун түгөл тармагында адилеттикти туу тутууну;
-жолу улуулук философиясына негизделген салттуу демократиялык дөөлөттөргө таянууну;
-адам ресурсуна ар тарап кам көрүүнү;
-экономикалык жыргалчылыкты көздөөнү;
-бийлик жана байлык ресурстарын коомдук кызыкчылыкка багыттоону;
-коргонуу, чек ара, идеологиялык, экономикалык, азык-түлүк жана башка коопсуздуктарды алдын алууну;
- жан дүйнө, ыйман, рух, тазалыгын бийик тутууну;
-илим жана технологияны өнүктүрүүгө басым жасоону;
-билим берүүдө илимий педагогика менен элдик таалим-тарбиянын (этнопедагогика) жаркын үлгүлөрүн эриш-аркак пайдаланууну;
-тил жана маданиятка артыкчылык берүүнү;
-курчап турган айлана –чөйрөнү көздүн карегиндей сактоону ырааттуу ишке ашыруу менен гана элдик таза, адилет коомду кура алабыз.

Ошондой эле, Кыргызстан калкын, улуу-кичүүнү бири-бирин урматтоого, адеп-ыймандуу болууга, кечиримдүүлүктү, кең пейилдүүлүктү көрсөтүүгө, Кыргыз жараны деген ысымды бийик алып жүрүүгө, мамлекеттик тилди урматтоого, жалпы улуттук биримдикти чыңдоого чакырабыз".

Пикир

Оставить комментарий