• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкекте Улуттук урбан форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. 16-18-октябрь күндөрү Бишкекте Улуттук урбан форуму өтөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Бишкек шаарынын мэриясы, “MoveGreen” коомдук бирикмеси, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу өнөктөштүгү менен биргеликте уюштурулууда.

Иш-чара активдүү жарандардын, алдыңкы эл аралык жана улуттук эксперттердин, Кыргызстандын 33 шаарынын мэрлеринин ортосунда диалог жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү максатын көздөйт.

Катышуучулар форумда урбанизациянын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашат жана шаардык, айылдык жамааттардын тез өсүп жаткан муктаждыктарын чечүү үчүн натыйжалуу чечимдерди издешет.

Форумга Кыргызстан, Түркия, Монголия, Россия, Казакстан, Франция, Германия шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү, эл аралык аймактык өнүгүү боюнча эксперттер, шаардык активисттер, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий