• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бишкекте "Улуу-Элес" I эл аралык балет сынагы жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. 11-15-декабрь күндөрү Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында кыргыздын чыгаан бийчиси жана балетмейстери, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Уран Сарбагышевдин 90 жылдыгына арналган “Улуу-Элес” I эл аралык балет сынагы болуп өттү.

Театрдын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова “Кабар” агенттигине билдиргендей, сынакка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстандан балет бийчилери, кесиптик хореографиялык окуу жайлардын студенттери жана балетмейстерлер катышты.

Аталган сынак балет искусствосун өнүктүрүү жана жайылтуу, таланттуу аткаруучуларды аныктоо жана колдоо, балет бийчилеринин кесиптик чеберчилик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле балет тармагындагы эл аралык маданий байланыштарды чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Сынактын төрагалыгына КР Эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Рейна Чокоева, ал эми теңтөрагалыгына Россиянын эл артисти, Варнедеги эл аралык конкурстун лауреаты, Париж академиясы PrixBenois de la Dance сыйлыгынын лауреаты, Санкт-Петербургдун жогорку театралдык сыйлыгы "Алтын Софит" лауреаты Фарух Рузиматов тандалды. Ошондой эле Москва балетинин көркөм жетекчиси, Россиянын эл артисти Анастасия Яценко, Москва Мамлекеттик хореографиялык окуу жайынын директору, Татарстандын эл артисти Айдар Ахметов жана СССРдин эл артисти, СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты АйсулууТокомбаевалар калыстык кылышты.

Сынактын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси:

Кичи топ:

1. Батаева Амина Аскаровна (Казакстан) — 80 000 сом, медаль, лауреат;

2. Акматов Алихан Эмильевич (Россия) — 80 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

3. Абылкасенова Акбота Асылхановна (Казакстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

4. Жекшенбаев Мухаммад Али Муратович (Кыргызстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

5. Акын Томирис Мураткызы (Казакстан) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

6. Накисхождаев Алихан Диазулы (Казакстан) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.

Жогорку топ:

1. Рыжкова Наталья Евгеньевна (Россия) — 100 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

2. Вербовой Богдан Юрьевич (Казакстан) — 100 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

3. Шестакова Дарья Михайловна (Кыргызстан) — 80 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

4. Рахманов Адилжан Нукешович (Кыргызстан) — 80,000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

5. Бекболатова Акбота Нурзаткызы (Казакстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

6. Кучкаров Абдугаффор Нодиржонуглы (Өзбекстан) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.

Номерди койгон балетмейстерлерге:

1. Репицына Юлия Олеговна (Россия) — 70 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

2. Белоус Екатерина Андреевна (Кыргызстан) — 60 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты;

3. Танака Аои (Япония) — 50 000 сом, медаль, Эл аралык сынактын лауреаты.

Атайын сыйлыктар:

1. Бекболатова Акбота Нурзаткызы жана Вербовой Богдан Юрьевич (Казакстан) - Бүбүсара Бейшеналиева жана Уран Сарбагышевдин атындагы "Эң мыкты дуэт" сыйлыгы;

2. Рахманов Адилжан Нукешович (Кыргызстан) - Чолпонбек Базарбаевдин атындагы "Эң мыкты эркек ролун аткаруу" сыйлыгы;

3. Тономура Томока (Япония) - Чолпон Жаманова атындагы "Эң мыкты аял ролун аткаруу" сыйлыгы;

4. Рыжкова Наталья Евгеньевна (Россия) - Махмуд Эсамбаевдин атындагы "Эң мыкты заманбап хореография" сыйлыгы;

5. Кучкаров Абдугаффор Нодиржонуглы (Өзбекстан) - Арстан Ирсалиев атындагы "Көрүүчүлөрдүн сыйлыгы".

Пикир

Оставить комментарий