• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкекте улуу ойчул Мактымкули Фрагинин 300 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкули Фрагинин 300 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкалыкова, Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев катышты.

Илимий конференцияда катышуучулар Түркмөнстандын классик акыны жана ойчулу Мактымкулу Фрагинин чыгармаларынын кыргыз адабиятына тийгизген таасири, чыгыш философиясынын акындын чыгармаларындагы орду жана анын замандаш акындары менен байланышы тууралуу баяндамалар жасады.

Иш-чара акындын ырларынан үзүндүлөр жана музыкалык чыгармалар менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий