Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Бишкекте 13-майда болжол менен саат 19:00дө Мессароша-Профсоюзный көчөлөрүнүн кесилишинде АНВ унаасы электр берүү линиясын сүзүп алды.
Кайгуул милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1999-жылы туулган айдоочу №4 шаардык ооруканага жеткирилген.
Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулган. Кырсыктын себеби такталууда.
Пикир
Оставить комментарий