Бишкек, 22.10.20. /Кабар/. Бишкектин Алыкулов менен Белгород көчөлөрүнүн кесилишинде 19-октябрда саат 06:30дар чамасында "Митсубиси" унаасы мамычаны сүзүп, өрттөнүп кетти.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, алдын ала маалымат боюнча унаанын айдоочусу рулду башкара албай кырсыкка кабылган.
Жол кырсыгынан 30-35 жаштагы азият улутундагы эркек киши жабыркап, №4 шаардык ооруканага жаткырылган.
Аталган факты боюнча териштирүү жүрүүдө. Унаа айып аянтчасына киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий