• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок бир да имарат курулбасын – Ташиев

Коом 0


Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев калаа мэри Айбек Жунушалиевге Бишкекте унаа токтотуучу жайы жок бир дагы имарат курулбасын деген тапшырма берди. Бул тууралуу УКМК башчысы күн мурун атайын кызматтын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараттарын пайдаланууга берүү аземинде айтты.

"Бардык жерде унаа токтотуучу жай болушу керек. Чет өлкөлөрдө ар бир үйдүн астында унаа токтотуучу жайлар бар, ошондуктан тыгын аз. Бизде андай эмес. Мындан кийин унаа токтотуучу жайы жок бир дагы үй, кеңсе, соода борбору курулбасын", - деди Ташиев.

Өз кезегинде шаар жетекчиси жакында эле соода борборлорунун биринде унаа токтотуучу жайды соода аянтчасына айлантып алышканын айтып, бошотулганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий