• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте унаа жуучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкекте унаа жуучу жайдан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунда Лебединовка айылынын Токмок көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу жайдан чыккан өрт саат 12:21де толук өчүрүлдү.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Такталган маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий