Бишкекте унаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу текшерилди

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарында унаа түтүнүнүн зыяндуулугун алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара борбор калаадагы абанын булганышын азайтуу максатында уюштурулду.

Рейдге мэрдин орун басары Рамиз Алиев, муниципалдык инспекция, Экологиялык, техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыктары, ошондой эле Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Рейддин жүрүшүндө түтүндүн зыяндуулугу атайын түтүн өлчөөчү жабдуулар менен текшерилди. Эреже боюнча көрсөткүчтүн жол берилген ченеми 50 пайыздан ашпашы керек. Эгер андан жогору болсо, анда ал атмосфералык абанын булганышына алып келет.

Рейддин жыйынтыгы боюнча КР "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 234-беренеси менен 7500 сомго бир протокол түзүлдү. Калган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Унаадан чыккан түтүндөн булганган абадагы зыяндуу заттарды аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.

Пикир

Оставить комментарий