Бишкек, 05.11.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Махмуд Кашкари - Барскани атындагы Чыгыш университетинде Кыргызстандын белгилүү коомдук ишмери Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата “Узак, кадыр-барктуу, тарыхый окуяларга бай кылымдык жашоо” аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага Чыгыш университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Асан Ормушев, тарых илимдеринин доктору Турду Жыргалбеков, Турдакун Усубалевдин небереси Эрмек Усубалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов, мугалимдер жана студенттер катышууда.
Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев конференцияны уюштуруунун максаты студенттерге Турдакун Усубалиевдин ишмердүүлүгүн таанытуу экендигин айтты.
“Иш-чаранын максаты Турдакун Усубалиевдин 25 жыл кыргыз элине жана жери үчүн жасаган зор иштерин студенттерге, мугалимдерге кеңири түшүндүрүп берүү. Мунун жыйынтыгында атайын китепчелерди чыгарайын деп жатабыз. Усубалиевдин басып өткөн жолуна арналган 10 мүнөттүк документалдуу тасма даярдап чыгаралы деген максаттарыбыз да бар. Андан тышкары, бир ай бою студенттерге лекциялар окулуп турат”, - дейт университеттин ректору.
Ал белгилегендей, конференциянын аталышы мамлекеттик ишмерге ылайыкталып тандалган.
“Бүгүнкү конференциянын “Узак, кадыр-барктуу, тарыхый окуяларга бай кылымдык жашоо” аталышынын себеби Усубалиев Кыргызстанды 25 жыл бекем кармап башкарган. Эң биринчи өнөр-жайын, айыл чарбасын, маданиятын болуп көрбөгөндөй чоң деңгээлге жеткирип, ошол убактагы 15 союздук республиканын ичинен райкомдун “лидер” деген атка конушу көпкө турат. Ал улуттук кадрларды даярдаганда жан дили менен киришкен адам экенин көрсө болот. Мен дагы бир катар аны менен жолугуп саясий, илимий, экономикалык маселелерди китепканада жүрүп талкуулап калдык. Бекеринен Калыгул бийдин небереси эмес да, өзүнүн ак эмгеги менен аны далилдеп өттү”, - деди Асан Ормушев.
Мамлекеттик ишмер менен бирге жүрүп калган тарых илимдеринин доктору Турду Жыргалбеков Усубалиевдин адамдык сапаты жөнүндө сөз кылды.
“Усубалиев менен бирге көп жыл иштедим. Андай адам жок жана болгон да эмес. Эс тутуму абдан күчтүү жана таза адам. Бирөөгө үн көтөргөнүн көргөн жокмун. Усубалиевдей 25 жыл бир мамлекетти башкарыш ар кимдин колунан келе бербейт. Канча деген гидроэлектр станциялар салынды. Чакан өлкө болсо да өзүнүн Ак үйү болушуна чоң жардам берди. Карап көрсөң ири өлкөлөрдө да мындай нерсе жок. Бул анын бир эле салымы. 25 жыл ошол өлкөнү кыймылдатпай кармап туруу, маданиятын, экономикасын жогорулатуу оңой иш эмес”, - деп билдирди Жыргалбеков.
Аталган окуу жайдын Эл аралык байланыш жана коомдук тартип кафедрасынын профессору Раат Исаков Усубалиев менен алгачкы жолукканы туурасында кеп салды.
“1971-жылдары Москвага Жогорку дипломатиялык мектепке кетээрдин алдында Турдакун Усубалиев мени өзүнө чакырып, кеңешме өткөрдү. Окуу жайдын маанилүүлүгүн айтып, Кыргызстандын атынан барып жатканымды жана жоопкерчиликтүү болууну эскертти. Анткени өз өлкөмдүн атынан барып жаткам. Мен болгон күчүмдү жумшап, окууну жакшы бутүрөөрүмдү айткам. Ошол окуу жайды бүтүрүп, СССРдин Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратына мени алышты. Ал жерде 30 жылдай эмгектендим”, - деди Исаков.
Ал Турдакун Усубалиев борбордук аянттын пайда болуусуна зор салым кошконун кошумчалап кетти.
Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Турдакун Усубалиев тирүү болгондо быйыл 100 жашка чыкмак.
Пикир
Оставить комментарий