Бишкекте В вирустук гепатитине каршы эмдөө жүргүзүлүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 18.11.23. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле калкты тестирлөө жана АИЖВ, ГВВ, ГСВ алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 14-ноябрдан 24-ноябрга чейин Курманжан-Датка – Жибек-Жолу проспектилеринин кесилишиндеги "Аламүдүн базары" СБКнын аймагында текшерүү, эмдөө жана дарыгерден кеңеш алууга болот.

Акция Саламаттык сактоо министрлигинин гемоконтактуу вирустук гепатиттерди жана адамдын имунножетишсиздигинин вирусун контроолдоо боюнча республикалык борбору тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча "СПИД Инфобайланыш" фонду тарабынан көмөк көрсөтүү боюнча россиялык программанын алкагында өткөрүлүүдө.

Текшерүү "газон" көчмө дарылоо-профилактикалык комплексинин (КДПК) базасында жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий