• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте Виктор Шестопал менен Таалайбек Усубалиевдин сүрөт көргөзмөсү ачылды

Маданият 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде белгилүү скульптор Виктор Шестопалдын жана Эл аралык сүрөтчүлөр ассоциациясынын вице-президенти Таалайбек Усубалиевдин “Убакыт” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Көргөзмөнүн ачылышына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жана белгилүү сүрөтчүлөр, сүрөт искусствосунун күйөрмандары катышты.

Аталган көргөзмө 14-декабрга чейин көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Виктор Шестопал буга чейин “Согуштун балдары”, “Эскерүү”, “Козголоңчу”, “Пайгамбар", "Ойчул адам" ж.б. көргөзмөлөрүн коомчулукка кеңири тартуулаган. Сүрөтчүнүн жараткан эмгектери Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде, Өзбекстан, Түркмөнстандын музейлеринде,жеке галереяларында, коллекцияларында орун алган.

Таалайбек Усубалиев “Баткен аялдары”, “Токтогул Алтыбасарова Блокадалык Ленинграддын балдары менен 1942 ", “Ковид-19 ыктыярчылар", " Троица” “Чыңгыз Айтматовдун портрети”, “Турдакун Усубалиевдин портрети”, “Токтогул Алтыбасарованын портрети”, “Жылуу сезимге оролгон эненин портрети " ж.б. бир катар көрүнүктүү эмгектердин автору.

Пикир

Оставить комментарий