• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өттү

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бишкекте WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын ачылыш аземи өттү.

Парламенттен билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышты.

Ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясы боюнча кесиптик лицейлерде жана колледждерде окуган окуучулар арасында өтө турган сынак эки күнгө созулат. Сынактын жеңүүчүлөрү ушул жылдын сентябрь айында Франциянын Лион шаарында өтө турган эл аралык мелдешке катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аземде билим берүү жаатындагы өзгөрүүлөргө токтолгон төрага Нурланбек Шакиев: “Азыркы ааламдашкан доор илимдин жаңы багыттарын ачып, билим берүү тармагына жаңы талаптарды коюуда. Буга Ала-Тоодо туруп, интернеттин жардамы менен океандын ары жагында иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн эле мисал кылсак болот. Андыктан, кесиптик лицейлерди жана колледждерди реформалап, кыска убакыт аралыгында заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн адистерди таптап чыгарууга басым жасашыбыз керек”,– деди.

Ошондой эле дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө суроо-талап жогору экенин айткан төрага: “Акыркы учурларда өлкөбүздө жеңил өнөр жайы, курулуш, тейлөө, кызмат көрсөтүү өңдүү тармактарда жумушчуларга муктаждык чоң”, – деп кошумчалады.

Ага ылайык, өткөрүлө турган WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионаты жаштарды шыктандырып, адистер арасында атаандаштыкты күчөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеген Нурланбек Шакиев: “Биздин кесиптик лицейлердин жаштарды ширетүүчүлүк, ашпозчулук жана мода технологиясынан тышкары башка адистиктерге да окутуп, үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Ага ылайык, лицейлерде окутулган башка кесиптер боюнча да сынактар өтүп, алардын жеңүүчүлөрү эл аралык мелдештерге катышат деген ишеничтемин. Анткени, бизде таланттуу жаштар арбын. Биз алардын потенциалын жогорулатып, шык-жөндөмүн арттыруу менен гана билимдүү коомду жарата алабыз. Ал эми бакубат, өнүккөн өлкө билимдүү коом менен курулат”,– деди.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун жана башка керектүү демилгелердин бардыгын колдой тургандыгын айткан Төрага аталган тармак ар дайым артыкчылыкка ээ экенин белгиледи.

Андан тышкары, Нурланбек Шакиев WorldSkills Kyrgyzstan жумушчу кесиптердин улуттук чемпионатынын катышуучуларына ийгиликтерди каалап, тандалып чыккан чемпиондор эл аралык сынактан да байгелүү кайтарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, WorldSkills International – эл аралык ассоциация катары жумушчу кесиптерди өнүктүрүү, кесиптик даярдоонун макамын жогорулатуу максатында бүткүл дүйнө боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүп келет. Аталган мелдешке быйыл Кыргызстан алгач ирет катышууда.

Пикир

Оставить комментарий