• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар арасында "Ырдайлы кыргыз ырларын" сынагы өттү

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Бишкек шаарында билим берүү уюмдарынын арасында "Ырдайлы кыргыз ырларын" аттуу сынак өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара мэриянын Билим берүү департаменти тарабынан уюштурулган.

Сынактын жыйынтыгында бала бакчалар арасында 1-орунду №100 бала бакчанын тарбиялануучулары Ярослава Жиленко менен Кадрия Мухамедова, 2-орунду №5 бала бакчанын тарбиялануучусу Маргарита Скосырская, 3-орунду №18 бала бакчанын тарбиялануучусу Абира Хамат жана №51 бала бакчанын тарбиялануучусу Диана Тимофеева багындырды.

Ал эми мектеп окуучулары арасында 1-орунду №39 мектептин окуучусу Амир Халилов, 2-орунду №19 мектептин окуучусу Милана Никитина жана №12 мектептин окуучусу Софья Мазур жана үчүнчү орунду №9 мектептин окуучусу Диора Турдахунова ээледи.

Борбор калаанын мэриясы бардык жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана мындан аркы ийгиликтерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий