• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанда ысык суу жана жылуулукка болгон баа көтөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 01.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу департаментинин 31-майдагы буйругуна ылайык, Кыргызстанда 1-июндан тарта жылуулук энергиясына жана ысык сууга болгон тарифтердин баасы көтөрүлдү.

Тарифтер төмөнкүдөй болот:

Жылуулук (Гкал үчүн):

  • калк үчүн – 1 миң 248 сом (буга чейин 1 миң 134,76 сом);

  • бюджеттик уюмдар, башка керектөөчүлөр үчүн – 2 миң 52 сом ( буга чейин 1802 сом болгон).

Ысык суу:

  • калк үчүн прибор менен эсептегенде 1 куб метрге –72 сом (буга чейин 64,3 сом);

  • керектөө нормасы боюнча (айына бир адамга) –345 сом (309 сом болчу);

  • Өнөр жай объектилери, бюджеттик керектөөчүлөр жана башка керектөөчүлөр үчүн – 117 сом (буга чейин 103 сом болгон).

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-июндан тарта ичүүчү сууга жана канализацияны колдонууга болгон төлөмдөр жогорулган.

Тарифтер сууга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 10,45 сом (буга чейин 8,1 сом);

  • бюджеттик уюмдар үчүн – 12,95 сом (буга чейин 9,1 сом);

  • башка керектөөчүлөр үчүн – 18,5 сом (буга чейин 13 сом).

Канализацияга төмөнкүдөй болот:

  • калк үчүн – 3,45 сом (буга чейин 2,3 сом)

  • бюджеттик мекемелер үчүн – 4,5 сом (буга чейин 3 сом);

  • башка керектөөчүлөр - 9 сом (буга чейин 6 сом болгон).

Пикир

Оставить комментарий