• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте өз өмүрүнө кол салган жаран куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.08.24. /Кабар/. Бишкекте куткаруучулар өмүрүнө кол салган жаранды куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, күн мурун Бишкек шаарынын М.Ганди көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн чатырынан 1992-жылы туулган (өздүгү такталууда) эркек киши секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 8 куткаруучу тартылган.

Алар аталган жаранды сүйлөшү жолу менен ошол эле маалда куткаруучулардын бир бөлүгү чатырга чыгып, атайы шаймандар менен жаранды түшүрүп, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий