• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Бишкекте заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Ак-Өргө конушунда №9 заманбап өрткө каршы куткаруу бөлүгү ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ачылуу аземине министр Бообек Ажикеев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Кванджэ, Корея эл аралык кызматташтык уюмунун өкүлү, БУУнун туруктуу өкүлү Александра Соловьёва жана куткаруучулар катышты.

Жаңы имарат заманбап жабдуулар менен толук камсыздалып, кызматкерлер үчүн бардык шарт түзүлгөн. Үч кабаттан турган өрт өчүрүүчү бөлүктө уктоочу бөлмө, тамактануучу жай, бош убакта спорт менен машыгууга даярдалган зал жана башка керектүү санитардык шарттар түзүлгөн.

Корей өкмөтүнүн каржылоосу менен жалпы 7 млн 700 миң долларды түзгөн долбоордун алкагында 2019-жылдан 2024-жылга чейинки убакта Бишкек, Ош, Чолпон-Ата шаарларында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болуп жалпы 4 өрткө каршы куткаруу бөлүгү курулду. Жалпы 9 адистештирилген техника алынган. Алсак, бир 54 метрлик автошаты, 4 өрт өчүрүүчү унаа, "пикап" базасындагы 4 авариялык-куткаруу унаасы.

Мындан тышкары долбоордун алкагында өрт өчүрүү жана куткаруу иштери боюнча ченемдик базаларды жакшыртуу, өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарынын жана бөлүктөрдүн адистеринин билимин жогорулатуу ишке ашырылды. 2022-жылы ӨКМдин 20 адиси Кореяда өрт коопсуздугу боюнча эки ирет окутуу курстарынан өтүп келди.

Өткөн жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүүчү-куткаруучу адистери кореялык өрт өчүрүү институттарынын эксперттери тарабынан Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чолпон-Ата шаарларында атайын тренингдерден өтүп, жыйынтыгында 95 куткаруучу өрт коопсуздугу боюнча тажрыйбасын жогорулатышкан.

Пикир

Оставить комментарий