• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Бишкекте заманбап спорткомплекси курулат. Ас-Салам фонду менен УОК меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Бишкекте көп функциялуу бир жарым миң көрүүчүгө ылайыкташкан заманбап спорткомплекси курулат. Аталган объекттин курулушу "Кыргызстандын спорттук инфракструктурасын жакшыртуу" меморандумунун алкагында пландалган. Документке бүгүн "Ас-Салам" кайрымдуулук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы Набель Аль-Оун жана Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов кол койду.

""Ас-Салам" кайрымдуулук фонду буга чейин көптөгөн тармакта иштеп келген. Мисалга, суу чыгарып, жетим балдарга жардам берип, ФАП, ооруканаларды, ар кандай комплекстерди куруп келе жатат. Бул сыяктуу спорттук долбоор фонддун тарыхында биринчи жолу болуп жатат.

Биз бул долбоордун арты менен Улуттук Олимпиада комитети менен таанышып жатабыз. Келечекте дагы көптөгөн ушул сыяктуу демилгелерди ишке ашырабыз деп үмүттөнөм. Ошондой эле Бириккен Улуттук Уюму да жаштардын спорт менен алектенүүсүнө өтө чоң салым кошуп келет. Биз ошого байланыштуу бул долбоорду баштап жатабыз.

Кайсыл гана региондо долбоорду ишке ашырбайлы ал жерге сөзсүз футбол талаасын курабыз. Мисалга, эки ай мурун Баткенде комплекс ачтык. Анын ичинде мектеп, устакана жана тигүүчү цех бар. Ал жерге футбол ойногон талаа да курабыз", - деди доктор Набель Аль-Оун.

Фонд Бишкекте курулушу пландалып жаткан объектке дээрлик 2 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салат. Бул спорттун өнүгүшүнө, өсүп келе жаткан муундун саламаттыгына жана активдүү жашоо образын жайылтууга болгон инвестиция. Спорттук аренанын долбоордук эксиздери даяр. Бул Бишкектеги ири комплекстердин бири болот. Мында спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча мелдештер өтүп турат: кичи-футбол, волейбол, баскетбол жана башкалар. Ошондой эле бул аянтча спорттук-массалык иш-чараларды, балдар жана өспүрүмдөр турнирлерин, окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүгө ылайыктуу жайга айланат. Комплекске 1,5 миңге жакын көрүүчү батат, мындай объект азырынча Бишкекте жок.

Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Садыр Мамытовдун айтуусуна караганда, келечектеги спорттук объекттин түшчү жери талкууланууда. "Болжолдуу эки-үч жерибиз бар. Бир келишим Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы жана кичи спорт аренасы менен. Учурда дагы эки–үч жер каралып жатат. Бул жерге жөнөкөй спортчулар да келип машыкса болот", - деди Мамытов.

УОКнын маалымат катчысы Кылычбек Сарбагишев "Кабар" агенттигине билдиргендей, долбоор Кыргызстандын мамлекеттик органдары жана Бишкек мэриясы менен макулдашкан соң ишке аша баштайт.

Пикир

Оставить комментарий