• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкекте “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси өттү

Коом 0

Бишкек, 24.05.24. /Айпери Кожоева – Кабар/. Бүгүн Бишкекте энелер күнүнө карата “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу кайрымдуулук жарманкеси болуп өттү.

Жарманке активдүү жашоо образын жайылтууга, тез карып кетүүнү алдын алууга, ошондой эле балдарды тарбиялоодо жана үй-бүлөнү бекемдөөдө энелердин ордун өзгөчө белгилөөгө арналган.

“Иш-чара 20 жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул жарманкеде улгайган адамдар жыл бою жасаган буюмдарын сатыкка чыгарышат. Кары адамдардын пенсиясына да жардам болот. Биздин карыялар абдан жигердүү иштеп жатышат, алар жыл сайын көптөгөн кызыктуу нерселерди алып келишет. Алардын чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүгү аркылуу кыргыздын каада-салтын көрүүгө болот.

Ошондой эле бул акцияны дагы да бир нече жыл улантышыбыз керек деп ойлойм», - деди “Карылар үчүн ресурстук борбор” бейөкмөт уюмунун директору, жарманкенин уюштуруучусу Светлана Баштовенко.

Жарманкеге Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 50гө жакын карыялардан турган топтор катышты.

Иш-чаранын алкагында КРСУнун чыгармачыл топторунун жана студенттеринин концерти, лотерея, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар, скандинавиялык басуу, салтка айланган шахмат турнири өттү.

Мындан тышкары, коноктор ден соолукту чыңдоонун эң маанилүү элементи болгон туура тамактануу боюнча маалымат алышты.

Пикир

Оставить комментарий